Жаңы жылдын алдында Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов райондун ӨКМ бөлүмүнүн аскер кызматкерлерин өздүк курамын Ардак грамоталар менен сыйлады.

Жарандык коргонуу иш-чараларын абийирдүүлүк менен аткаргандыгы жана Свердлов районунун жашоочуларына карантин учурунда Ковид-19го байланыштуу ар тараптуу жардам көрсөткөндүгү үчүн төмөнкүлөргө ыраазычылык билдирди.

Ардак грамоталар төмөнкүлөргө тапшырылды:

- Бечелов Самат Талантбекович;
- Кожомкулов Улан Кубатбекович;
- Байышев Руслан Бекенович;
- Молдохматов Айбек Даанышбекович;
- Кушпеков Нурдин Согушбекович;
- Айдаров Чынгыз Замирович;
- Токтоналиев Нурбек Аманбекович;
- Уйбаков Тынчтык Кумукбекович;
- Кыдырмаев Камчыбек Үсенбекович;
- Молдокматов Нурболот Муратович;
- Кенжебаев Авлес Алмазбекович;
- Мурабдилла уулу Ынтымак;
- Таласбаев Рустам Акылбекович;
- Сабырбеков Азат Маратович;
- Султанов Тагдырбек Баатырбекович.

Ошол эле учурда башчынын социалдык маселелер боюнча орун басары Асел Садыкова Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлү менен биргеликте 25 кичинекей шаардыктарды  куттуктады.

Райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган балдарга Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Айы тарабынан белектер даярдалды.

Урматтуу шаар тургундары! Бардык суроолор боюнча муниципалитеттин колл-борборуна күнү-түнү: 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу  байланышууга болоорун эскертебиз. Ал эми  көйгөйлөрдүн  сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот. Биз ар дайым байланыштабыз!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!