Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу 31-декабрь жана 1-январь күндөрү коомдук транспорттун жүрүү графиги бир аз өзгөрүлөт.

31-декабрда №2, №4, №7, №8, №10, №14 троллейбустар, автобустар, кичи автобустар эртең мененки саат 6дан түн ортосуна чейин иштешет.

1-январда эртең мененки саат 8ден кечки сегизге чейин автобустар менен троллейбустар, ал эми кичи автобустар 00:00гө чейин шаар тургундарынын кызматында болушат.

Коомдук транспорттун иши боюнча биз ар дайым байланыштабыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 533648 (диспетчердик кызмат), 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 534824 (диспетчердик кызмат), 0553 022 753.

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 635199 (диспетчердик кызмат), 0700411905;

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!