Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Ротация тартибинде Бейшеналиев Медер Зулхайнаринович Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.