Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! Кечээ И.Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде кышкы эс алуу учурунда кичинекей шаардыктар үчүн "Мемориалдык музейлерге саякат" фестивалынын ачылышы болду.

Келген конокторубузга  коомдук жана саясий ишмер И.Раззаковдун, СССРдин Эл артисти С.Чуйковдун, СССРдин Эл скульптору О.Мануилованын, СССРдин Эл артисти, киноактер С.Чокморовдун жашоосу жөнүндө экскурсиялар уюштурулду.

Биз биргеликте даректүү тасмаларды көрдүк, балдар үчүн моделдөө, сүрөт тартуу жана квиллинг боюнча мастер-класстарды өткөрдүк.

Белгилей кетсек, фестиваль бүгүн жана эртең ушул экскурсия жана мастер-класстардын программасы менен өткөрүлөт. Экскурсиялар өз убагында биринин артынан бири өткөрүлүп турат. Бир күндүн ичинде бардык иш-чараларга барсаңыздар болот. Саякат маршруту - Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү менен жагымдуу сейилдөө.  Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн ырааттуу маршрут иштелип чыккан. Фестивалдын программасы жана маршруту жөнүндө кененирээк бул жерден таба аласыздар: https://www.meria.kg/ru/post/21294

4-январдан баштап "Жаштык" жаштар борборунда, "Диалог" маданият үйүндө балдар жана өспүрүмдөр үчүн көңүл ачуучу жана билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Программа бул жерде: https://www.meria.kg/ru/post/21301

Биз чыгармачылык дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө бардык балдарды жана ата-энелерди чакырабыз!

Санитардык эрежелерди унутпаңыздар. Маска кийип, колуңузду антисептик менен тазалап, аралыкты сактаңыздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!