Шаар өз ишин улантууда. Пандемия өзгөртүүлөрдү  киргизгенине карабастан, район акимдери борбор калаанын жашоочулары менен тынымсыз байланышта болуп, көйгөйлөрдү чечүү үстүндө.

Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев бардык санитардык эрежелерди сактоо менен  райондун жашоочуларына жеке кабыл алуу өткөрдү.

Негизинен кайрылуулар материалдык жардам, турак-жай бөлүү жана башка аймактын жашоо-турмушун жакшыртуу маселелерине байланыштуу болду.

Октябрь районунун тургундары  бардык керектүү кеңештерди алышты жана көйгөйлөр тез арада чечиле баштаганына абдан кубанышты. Район башчысы тиешелүү кызматтарга бардык маселелерди тез арада чечип берүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Райондун акиминин жеке кабыл алуусуна жазылуу үчүн акимиаттагы бирдиктүү терезеге кайрылыңыздар.  

Дареги  Байтик-Баатыр көчөсү, 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, adm-oktyabr@bk.ru,  саат 9:00дөн 18:00гө чейин арыздарды калтырсаңыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!