Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп  Осмоев Бакай Урматбекович  дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Б.Осмоев Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетин аяктаган. Миландагы Политехникалык Университеттин архитектура боюнча магистр даражасын алган.

15 жылдан ашык долбоорлоо архитектору болуп жеке курулуш компанияларында  жана долбоорлоо  уюмдарында эмгектенген.