Шаардык муниципалитетте Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына (БШК) жана участкалык шайлоо комиссияларына (УШК) көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү материалдык-техникалык камсыздоонун уюштуруу маселелери талкууланды.

Райондук акимчиликтер УШКлардын даярдыгы жөнүндө маалымат беришти. Октябрь районунда 59, Биринчи май районунда 49, Свердлов районунда 58, Ленин районунда 62 УШК даярдалды. Даярдык көрүү кадимки режимде жүрүп жатат, шайлоо участкалары бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган (шаймандар, канцеляриялык товарлар, жеке коргонуу каражаттары). Бүгүнкү күндө "Түндүкэлектро" ААК УШКларды генераторлорго туташтырууда, иш эки күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Ошондой эле, 10-январда линияларда авария болбошу үчүн курулуш инженерия кызматтарына жер иштерин токтотуу тапшырмасы берилди.

Район башчыларына даярдыкты белгиленген убакка бүтүрүү көрсөтмөсү берилди, эң башкысы, ар бир УШКда шаардыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу, милдеттүү түрдө кирүү чыпкаларын уюштуруу, термометрлер жана дезинфекциялоочу килемдер, жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу, аралыкты сактоо үчүн эмеректерди жайгаштыруу тапшырмасы берилди.

Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, шайлоо участкаларында 729 медицина кызматкерлери нөөмөттө турушат, бардык дарыгерлер жеке коргонуу каражаттары жана дары-дармектер менен жабдылган. Тез жардам борбору ("Тез жардам" 103 ") күчөтүлгөн режимде иштейт.

Коомдук тартипти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлгө алышат.

Борбор калаанын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов коомдук транспорттор (кичи автобустар, автобустар жана троллейбустар) штаттык режимде иштей тургандыгын билдирди.

Эске салсак, ар бир шайлоочу www.tizme.gov.kg  шилтемесинен өзүн тизмеден текшере алат.

Байланыштар: 1255 ( чалуу акысыз).