“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы сезондук иштерин жүргүзүп жатат. Биз жашыл бакчаларды карап, дарыяларда суу тоскоолдуксуз агышы үчүн тоңгон муздарды чагуудабыз.

Таң эртеден баштап шаардын көчөлөрүндө багбандардын техникалары нөөмөттө турушат. Ишкананын кызматкерлери М.Горький көчөсүндө,  Чүй проспектиси - Сүйүмбаев көчөсү, Чүй проспектиси- Осмонкул көчөсү, М.Фрунзе, П.Лумумбы көчөлөрүндө, Ч.Айтматов проспектиси, Эркиндик бульвары жана Фучик көчөсүндө  куураган бутактарды бутоо иштерин жүргүзүштү.

Ошол эле учурда биздин бригадалар муз тыгындарынын пайда болушуна жол бербөө үчүн «Ала-Арча» дарыясынын жаңы тоңуп калган жерлеринде муздарды жарышты.

Биз адатта иштин татаалдыгына жараша  эки ыкма колдонобуз: кол менен жана механикалаштырылган. Учурда биздин кызматкерлер музду кол менен чагып жатышат, муз калыңдаганда атайын шаймандар колдонулат.

Урматтуу шаардыктар! “Бишкекжашылчарба”  муниципалдык ишканасынын  иши боюнча арыздарды жана кайрылууларды төмөнкү номерге жөнөтсөңүздөр болот: 0550 760 966.