Бүгүн, КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү,  Кыргыз Республикасында кезексиз президенттик шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык байкоочулар  борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева менен биргеликте Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту.

Байкоочуларды Ардактуу кароол тосуп алды, андан кийин коноктор жана вице-мэр башын ийип, гүл коюшту.

"Өчпөс оттун" мемориалы - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган архитектуралык-скульптуралык композиция 1985-жылы орнотулган. Эстеликтин авторлору архитекторлор В.Бухаев жана В.Лызенко, скульпторлор М.Аникушкин жана Т.Садыков.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!