Бүгүн, 10-январда Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоо жана референдум өткөрүлүүдө.
Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев конституциялык укугун колдонуп, Политехникалык көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан №79 бала бакчадагы №1101 участкасынан добуш берди.

Калаада 228 шайлоо участкасы даярдалган. Октябрь районунда - 59, Биринчи май районунда -49, Свердлов районунда -58, Ленин районунда -62. Шайлоочулардын жалпы саны 416 123 адам.

Бардык участкаларда кирүү фильтрлери орнотулуп, температура өлчөнүп, бет каптар таратылууда.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! бет кап кийип, санитардык ааралыкты сактап, антисептик колдонуңуздар! 

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!