Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө.
Борбор калаада 228 шайлоо участогу түзүлгөн. Октябрь районунда -59, Биринчи май районунда -49, Свердлов районунда -58, Ленин районунда – 62. Шайлоочулардын жалпы саны 416 123 адамды түзөт.

Бардык УШКларда 729 медициналык кызматкерлер бекитилип, керектүү дары-дармектер жана контактсыз термометрлер менен камсыздалган. Дарыгерлер эки нөөмөттө иштешет, саат 14:00дө экинчи бригада нөөмөттү өткөрүп алышты.

Саат 14:00гө карата дарыгерлерге 20 киши кайрылган.

Свердлов району боюнча 9 кайрылуу. Негизинен, жарандар баш оору, тамак оору жана кан басымынын жогорулашын белгилешүүдө. Медициналык жардамдар көрсөтүлүп, адистердин кеңештери берилди.

Биринчи май району боюнча 7 киши артериялык басымды өлчөө үчүн кайрылышкан. Бактыга жараша, бардыгы жайында.
Октябрь району боюнча 4 шаар тургуну медициналык жардам сурап кайрылышкан, алардын үчөөсүнүн кан басымы көтөрүлүп, бир милиционердин башы ооруган. Дарыгерлер шайлоочуларга алгачкы жардамдарын көрсөтүп, андан аркы дарылоо боюнча сунуштар берилди.

Ленин району боюнча кайрылуулар катталган жок.

Белгилей кетсек, тез жардам бригадаларына УШКдан чакыруу катталган эмес. Тез медицина борбору ("103" Тез жардам кызматы) күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Бүгүнкү күндө 33 тез жардам бригадасы нөөмөттө болушат, алардын ичинен 23 – врачтык, 10 – фельдшердик, 1 бригада резервде болот.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Бет кап тагынып, санитардык аралыкты сактаңыздар жана антисептиктерди колдонууну унутпаңыздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!