Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Бүгүн КРнын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүлүүдө, № 132 кичи автобустун айдоочулары жагымдуу сюрприз жасайлы деп чечишип, шаардыктарды акысыз ташып жатышат.

Таң аткандан баштап каттамга 25 кичи автобус чыкты. Бул маршрут борбордун түштүк четинен А. Токомбаев көчөсүнөн  (Асанбай кичи р-ну)  баштап батыш автобекетке чейин каттайт.

Шаардык транспорт башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 10- январь күнү каттамга 1250 кичи автобус, 115 троллейбус жана 75 автобус чыкты. Коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат.