«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишкананын кызматкерлери борбордун Биринчи май жана Свердлов райндорунда кол менен жана механикалаштырылган жолу менен коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоону  улантууда.  
Азыркы учурда тазалоо иштери Биринчи май районунда өтүүдө.

Биз «Ак-Босого» коңушунун Чүй көчөсүндөгү коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалап чыктык.

Андан тышкары «Көлмө» коңушунда Биримдик көчөсүндө, М.Ганди көчөсүнөн баштап Курулуш көчөсүнө чейин атайын шаймандар колдонулуп жабык коллектордук-дренаждык түйүндөрдүн 150 погон метри тазаланды.

Эске салсак, ачык жана жабык коллектордук-дренаждык түйүндөрдүн тазалоо иш-чаралары жылына эки жолу жүргүзүлүп келет. Негизги иш Биринчи май жана Свердлов райондорунун турак жай конуштарында жүргүзүлөт. Табигый жер кыртышындагы суулардын деңгээли дал ушул аймакта болгондуктан, каналдардын нугу көп учурда камыштар менен өсүп, эриши пайда болот.

Жабык коллектордук жана дренаждык түйүндөрдүн иштөө абалындагы негизги көйгөйлөр жергиликтүү жашоочулардын аларга туташуусунан келип чыгат, алар тиричилик таштандыларын агызып, тутумдуу түрдө жаап салышат. Дренаждык тармактар жайгашкан аймакка тосмолорду уруксатсыз орнотуу жана кудуктарды каптап турган капкактарды уурдоо менен иш татаалдашууда.

Белгилей кетсек, 80 кмден ашык тармактарды «Бишкекжашылчарба» ишканасы тейлейт.

Коллектордук-дренаждык тутум - бул аймакты ашыкча нымдуулуктан коргоого арналган, бири-бирине туташтырылган түтүкчөлөрдүн (дренаждардын) жана дренаждык скважиналардын тармакташкан структурасы. Дренаждык тутумдун жардамы менен кыртыштын суу балансын жөнгө салуу маселеси чечилип, имараттар, өсүмдүктөр жана жер ээлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди ирригацияга жана   муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга чакырабыз. Анткени, ирригация - бул бак-дарактарды сугаруу борбору.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жумушу боюнча арыздарды жана кайрылууларды жиберсе болот: 0550 760 966.