Шаар өз ишин улантууда. Октябрь районунун акимиаты «Орто – Сай» базарынын аймагында жана Юнусалиев, Суеркулов  чектешкен көчөлөрүндө стихиялуу соода менен күрөшүүну улантып жатат.

Бүгүн рейдке биз  милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери менен чыктык, 10  мыйзамсыз соода түйүндөрү жоюлду жана шаардык бузуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тротуарлардагы жана жол жээгиндеги мыйзамсыз  соода-сатыкка бөгөт коюу боюнча текшерүү дайыма өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор ичинде  соода-саттык жана жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоону суранат. Жерге коюлуп сатылган  азык - түлүктөрдүн  коопсуздугуна жана сапатына эч ким кепилдик  бере албайт.  Сураныч! Андай азыктарды сатып албаңыздар, ден-соолугуңуздарга зыян!