«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы үчүн  брендбук (логотип, фирмалык стиль) иштеп чыгышты.

Бобордук архитекторлор  жана дизайнерлер өздөрүнүн иш-аракетине байланыштуу дизайн маселесин карашат, ошондой эле графикалык дизайнды. Биз шаардык кызматтар менен чогуу иштөө процессинде «Бишкексветтин» логотипине көңүл бурдук. Визуалдык изилдөөдө эски логотип ишкананын спецификасын жетишсиз чагылдырганы заматта байкалды.  

«Бишкекбашкыархитектуранын» демилгеси боюнча шаардык жарыктангычтарга кызматтын брендбугу иштелип чыгып анан сунушталды.

Өздүк стилде ишканага таандык түстөр колдонулду –  кара көк,  түнкү асманды белгилеген, андан тышкары сары жана ак түстөр, албетте борбордогу жарыкты жана жарык түйүндөрү билдирген. «Бишкексветтин» эң башкы көңүл буруу объекттерин эске алып, шаардын картасынын контуруна жана көчө сызыктарына таандык логотип курулду, алар тегерек структурасын түзүп жатканда жарыктын символу, күндүн сүрөтүн берди, негизги чөйрөлөр чогуу кошулганда беймарал сүрөт, биздин шаардын биринчи «Б»  тамгасы пайда болду.


Азыркы мезгилде өзүңдүн таанымал логотибин жана визуалдык стилин болсо – бул ийгиликтүү уюмдун манилүү компоненти.

бренд 1.pdf