Шаар өз ишин улантууда. Борбор калаанын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов Чыгыш автобекеттер филиалынын (Чыгыш автобекети) жана "Кыргыз Автобекети" мамлекеттик ишканасынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Биз шаарлар аралык жүк ташуучулардын ишин жөнгө салуу маселесин талкууладык.

Райондук акимиаттарга, автобекеттердин жетекчилерине жол белгилерин орнотуу маселесин иштеп чыгуу, турак жай-коммуналдык чарба департаментине  тосмолорду орнотуу тапшырмасы берилди.

Милициянын патрулдук кызматына аталган аймакта жол кыймылын камсыздоону өз көзөмөлүнө алуу, негизги унаа жолдо керектүү шарттарды түзүү сунушталды.