Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү шаарды мыйзамсыз объектилерден "тазалоо" иштерин улантууда.

Биз Манас проспектисин,  Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүн текшерип, өзүм билемдик менен орнотулган 46 жарнама конструкцияларын, көрнөк-жарнактарды жана плакаттарды алдык.

Ошондой эле шаардыктардын социалдык тармактардагы кайрылууларына да өзгөчө көңүл бурабыз. Бишкек шаарынын тургуну Ак-Босого конушунун  аймагында мыйзамсыз дүкөн курула баштагандыгын билдирген.  Атайын бригада №15 МАБдын кызматкерлери менен биргеликте дароо жерине барышып, тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүп, бетон тирөөчтөр өз ыктыяры менен бузулду.

Мындан тышкары,  Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги,  Худайбергенов көчөсү, 94а даректеги уруксат кагаздары жок соода күркөлөрү  алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @ uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg