Ленин акимиатында билим берүү борборунун директору, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын  башчысынын орун басары, тарбия иштери боюнча мектептердин директорлорунун орун басарлары, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, ИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын,  муниципалдык аймактык башкармалктардын кызматкерлеринин катышуусунда балдарга карата ырайымсыз мамиле жана  зордук-зомбулукту  алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Түзүмдүк бөлүмдөргө балдарга карата ырайымсыз мамиле жана  зордук-зомбулукту  алдын алуу боюнча биргеликте иш алып барууну күчөтүү,  оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө текшерүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде зордук-зомбулукка кабылган балдарга күбө болсоңуздар, төмөнкү ишеним номерлерине чалыңыздар:

Шаардын бардык райондук администрацияларында балдардын иши боюнча ишеним телефондору иштеп жатат:

- Биринчи май районунун ишеним телефону: 0(312) 67-03-86;

- Октябрь районунун ишеним телефону: 0(312) 51-03-75;

- Свердлов районунун ишеним телефону: 0(312) 53-05-76;

- Ленин районунун ишеним телефону: 0(312) 88-38-99.