Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына  жана Участкалык шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү боюнча шаардык штабдын биринчи отуруму борбордук мэрияда өттү.

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шилдабекова жана шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Ушул жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө материалдык-техникалык камсыздоонун уюштуруу маселелери талкууланды.

Борбор калаанын төрт районунда райондук штаб жана 228 шайлоо участкалары түзүлдү: Ленин районунда - 62 УШК, Октябрь - 59, Биринчи Май - 49, Свердловский - 58.

Райондук акимиаттардын башчыларына УШКларды керектүү эмеректер, оргтехника, генераторлор жана башка керектүү каражаттар менен жабдып, ар бир шайлоо участкасында жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу тапшырылды.

Б.Кудайбергенов акимдерге, аймактык, түзүмдүк бөлүнүштөрдүн башчыларына жана ишкердиктин субъектилерине БШКнын депутаттарын шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертти.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  ишеним телефону: 1255, 660240.