Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-марттан 19-мартка чейин мобилдик калкты тейлөө борборлору шаардыктардын биометрикалык маалыматтарын кабыл алышат, жашаган жери боюнча каттоого турушат (жашап турууга уруксат), паспорт алмаштырууга документтерди кабыл алышат, шаардыктар ошондой эле жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолор боюнча Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринен маалымат жана кеңеш ала алышат.

16-март, 2021-жыл Ленин району:
•Ленин райондук мамлекеттик администрациясы саат 9: 00дөн 13: 00гө чейин.
•Ош базар саат 14: 00дөн 18: 00гө чейин.

17-март, 2021-жыл: Биринчи май району:
•МАБ-16  «Ак-Босого» конушу саат 9: 00дөн 13: 00гө чейин
•МАБ-15 саат 14: 00дөн 18: 00гө чейин

20-март, 1821-жыл Октябрь району:
•«Рухий Мурас» конушу саат 9: 00дөн 13: 00гө чейин
•«Көк-Жар» конушу саат 14: 00дөн 18: 00гө чейин

19-март, 2021-жыл: Свердлов району:
•«Акжар» конушу саат 9: 00дөн 13: 00гө чейин
•«Дордой» конушу саат 14: 00дөн 18: 00гө чейин

Чүй облусу Аламүдүн району:
•16-март - Лебединовка айылы
•17-март - Ленин айылы
•18-март - Таш-Мойнок айылы
•19-март - Аламүдүн айылы

Борбордук шайлоо комиссиясынын  кызматкерлери паспорттоштуруу кызматын көрсөтүү үчүн зарыл болгон техникалык жабдуулар менен жабдылган көчмө кичи автобустун ичинде документтерди кабыл алышат (фото кызматтары, ксерокөчүрмөлөр, биометрикалык маалыматтарды чогултуучу аппараттар, касса).

Ошондой эле, Бишкек шаарынын тургундары үчүн төмөнкү даректер боюнча калкты тейлөө борборлорунда биометрикалык каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк бар:
1. КТБ-1, Бишкек шаары (Нуркамал Жетикашаев көч. 29);
2. КТБ-2, Бишкек шаары (Чолпон-Ата көч. 2);
3. КТБ-3, Бишкек шаары (Ж.Гвардия көчөсү, 4);
4. КТБ - 4 Бишкек шаары (Ауэзов көч. 1/5);
5. КТБ - 3/2 Бишкек шаары (Садырбаев көч., 107 (Ахунбаев / Бах));
6. КТБ - 2 /2 Бишкек шаары (Т. Молдо көч., 21 / Фрунзе көч.);

•Кичи КБКлар дем алыш күндөрү иштешет.

Жумуш убактысы: 10: 00дөн 19: 00гө чейин шейшемби-жекшемби, дүйшөмбү эс алуу күнү.

•Кичи КТБ: "Глобус" соода борбору (Чүй проспектиси, Жылуулук электр станциясынын маңдайы)
•Кичи КТБ: “Asia Mall” соода борбору, Ч.Айтматов проспектиси 3.

Бул иш-чараларды Мамлекеттик каттоо кызматы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен шайлоочулардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өнөктүгүнүн алкагында уюштурууда.