Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы КР сумо курөшү боюнча ассоциациясы  менен биргеликте өспүрумдөр жана чоңдордун арасында Бишкек шаарынын ачык чемпионатын өткөрүшөт.  

Таразалоо 19 март күнүнө коюлду, мелдеш 2021 – жылдын 20 мартында, саат 9:00 Чыгыш-5 кичирайонунда Р. Санатбаев атындагы дене тарбия - ден соолукту чындоо комплексинде өтөт.

Мелдештердин регламентине ылайык 2003 -2008-жылы туулган өспүрүмдөргө жана 18 жаштан өткөн чоңдорго ( эркектер жана аялдар) катышууга уруксат берилет.  Катышууга тиркемелерди Бишкек шаарынын 300дөн ашык спортчулары беришти.

Турнирдин максаты - Кыргыз Республикасында сумо күрөшүн жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана күчтүү балбандарды аныктоо.

Урматтуу шаардыктар жана спорт сүйүүчулөрү! Сиздер үчүн мелдештин промо ролиги даярдалды:  https://youtu.be/gBMEmfUSp74