Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! Жаздын алгачкы күндөрүнөн баштап "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 2021-жылга карата өндүрүш планына ылайык борбор калаанын көчөлөрүн оңдоого киришти.

Бүгүн биз көчөлөрдүн капиталдык курулушун баштап жатабыз. Биринчи бөлүк – Шевченко көчөсү Ж.Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейин. Оңдоо иштерине байланыштуу, аталган тилкеде унаа кыймылы чектелген, оңдоо жумуштарын ушул жайда бүтүрүу пландаштырылган.

Эртең төмөнкү көчөлөрдө курулуш иштери башталат:

• Левоневский көчөсү  Л. Толстой атындагы көчөсүнөн Асаналиева көчөсүнө чейин;
• Каховская көчөсү  Т.Фрунзе атындагы көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейин;

Учурда аталган эки көчөдө даярдык иштери жүрүп жатат.

Исакеев көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Ч.Валиханов көчөсүнө  чейинки бөлүктө оңдоо иштери башталган, буга байланыштуу бул бөлүктө унаа кыймылы чектелген.

Эскерте кетсек, ушул жылы "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 27 көчөдө, узундугу 16,5 км капиталдык оңдоо иштерин жүргүзөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана унаа менен жолго чыгаарда маршрутту алдын ала ойлонуп чыгууну суранат.