Шаар ишин улантууда. Борбор калаанын мэриясы 2021-жылдын планына ылайык, мектеп жана бала бакчаларды иретке келтирүүдө.

Капиталдык курулуш башкармалыгы Билим берүү башкармалыгынын билдирмеси боюнча төмөнкү билим берүү мекемелеринде оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялайт:

№34 атайын көмөкчү мектепте жылуулук магистралын жана ички канализацияны оңдоо зарыл. №68 жана №80 мектептердин чатыры оңдолот. №39 мектебинде ашкана блогунун чатыры жана санитардык түйүндөрү иретке келтирилет. №44 мектебинин - шифер чатырын (Б блогу), биринчи кабаттынын полун жана китепкананы оңдоо. №10 кечки нөөмөттөгү орто мектепте шифер чатырын оңдоо, цоколдук кабатын жана имаратты бекемдөө иштери жүргүзүлөт, №77 мектептин жумшак шифер чатырын профнастилге алмаштыруу каралган.

№109 бала бакчада инженердик тармактарды алмаштыруу менен, жылуулук трассасын, жылытуу, санитардык түйүндөрдү оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. №148 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде жылуулук тутуму, суу түтүк жана канализация тутуму оңдолсо, №162 бала бакчада жылуулук трассасы оңдолот.

Капиталдык оңдоого каражат шаардык бюджеттен каралган.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Тендерлер боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg