Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү мыйзамсыз объектилерди демонтаждоону улантууда.

Жолдорду куруу жана оңдоп-түзөө боюнча шаардык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, Түгөлбай-Ата көчөсүндө автоунаанын май алмаштыруучу жайы алынды.

Төмөнкү даректердеги мыйзамсыз орнотулган шлагбаумдар демонтаждалды:

Миңжылкыев көчөсү, 117;
Ч.Айтматов проспектисинде;
Абдрахманов көчөсү 6,12, 62.

Биздин топ тарабынан №12-кичи районундагы №65-үйдүн жанындагы күркө, Леваневский көчөсүндөгү уруксат берилбеген темир тосмо жана кампа алынды.

Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Харатц Паб” кафесинин темир тосмосу алынды, аны орнотууга уруксат берилген  эмес.

Мындан тышкары, Анкара көчөсүндө 7-апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин  жарнама мамыларын «тазалоо» жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү иштеринен кийин “Ынтымак” жаңы конушундагы Магистраль жана Славгородский көчөлөрүнүн кесилишинде, “Орто-Сай” айылынын Рысмендиев жана Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз курулуштар, ошондой эле 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бетон тосмо өз ыктыярлары менен бузулуп алынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Эгер сиздер мыйзамсыз орнотулган объектини көрсөңүздөр, анда 0707 48 61 62 телефону аркылуу сүрөт жана видео фактыларды жөнөтүңүздөр.

Ошондой эле, башкармалыктын баракчасы социалдык тармактарда:

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @ uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg.

Биз дайыма байланыштабыз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!