Шаардыктардын кайрылуулары боюнча №7 кичи районунун жашоочулары үчүн турак үйлөрдүн алдына спорт аянтын орнотуу демилгеленген. 


Ден соолукту чыңдоо аянтын уюштуруу үчүн 0,016 га жер участогу бөлүнүп берилген. Бул жерге 14 машыгуу жабдуулары орнотулуп, балдардын жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн спорт аянтчасынын аймагына резина төшөлгөн. Албетте, жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп, чатырчалуу орундуктар менен урналар орнотулду.

Борбордун мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын талабы боюнча долбоорлоо иштери  "BM Assist" курулуш компаниясы тарабынан аткарылды. Ден-соолук зонасын уюштурууга шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сүйүктүү шаарыбызга аяр мамиле жасоону өтүнөт.