Борбор калаада эпидемиялык абал курч бойдон калууда, акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 224тү түздү.

29-апрелде дагы эки мектеп №6 жана №33 аралыктан окутууга өткөрүлдү. Натыйжада, 16 мектеп онлайн режиминде иштейт, анын ичинде: 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61 (орто мектептин имараты).

Мындан тышкары, 18 класс аралыктан окутулуп жатат.

1862 окуучунун ата-энеси үйдөн чыкпай окутуу үчүн онлайн арыз жазышты.

Онлайн режимине толук өтүү оорулуу бала же мугалим менен болгон байланыштын санына байланыштуу болот, акыркы чечимди мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун эпидемиологдору кабыл алышат.

Урматтуу шаардыктар! Ар бириңизден санитардык нормаларды сактоону суранабыз: бет кап тагынып, жеке гигиенаны бекемдеңиз, колуңузду антисептик менен бат-баттан тазалап, эң башкысы коомдук жайларга барууну чектеңиз, аралыкты сактаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!