Бүгүн Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев лицензиялык турнирлерде жана эл аралык мелдештерде ийгиликтүү оюн көрсөткөн спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктады.

Район башчысы спортчуларга дене тарбия, спортту жана сергек жашоо образын өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы үчүн жана алардын машыктыруучуларына спортчулардын жогорку көрсөткүчтөрүнө жетүүдөгү талыкпаган эмгеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди, ошондой эле Токиодогу Олимпиада оюндарында ийгиликтерди каалап. ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын жана акчалай сертификаттарын тапшырды.

Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана сыйлык төмөнкүлөргө тапшырылды:

1. Жуманазаров Рахмадил Кадыркулович;
2. Калилов Уран Жузупович;
3. Мамбетов Ратбек Шабданбекович;
4. Мамышев Ырысбек Барыктабасович;
5. Тунук Андрей Васильевич;
6. Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна;
7. Азисбеков Атабек Азисбекович;
8. Джусупбеков Узур Даниярбекович;
9. Акматалиев Эрназар Кубатович;
10. Аманбеков Азат Нурланович;
11. Адбумалик кызы Самара.