Бишкек шаарынын тургундарын кыш мезгилинде жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, борбор калаанын мэриясы 2021-2022-жылдардагы жылытуу мезгилине даярданууда.

Так ушул тапта Кахов көчөсүндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы капиталдык оңдоону пландаштырып, жол иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңы асфальт-бетон төшөмөсүн төшөөдөн мурун, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери Т.Фрунзе көчөсүнөн Үч-Терек тилкесине чейин жылуулук тармагын алмаштыруу иштерин башташты.

Жалпы узундугу 440 метрди түзгөн, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн диаметри 57ден 133 миллиметрге чейинки түз жана кайтарым түтүктөрүн алмаштыруудабыз.

Белгилей кетсек, жылуулук тармагынын 1993-жылы курулган бөлүгү эки көп кабаттуу турак үйлөрдү, административдик имаратты жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын ыкчам чара көрүү тобунун жатаканасын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.