"Үмүт-Надежда" балдарды калыбына келтирүү борборунун окуучулары Руслан Ахмеров жана Лидия Филатова Сочи шаарында өтө турган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын фестивалына барганы жатышат.

Бүгүн, Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев эл аралык фестивалга Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алган жаш шаардыктарды кабыл алды.

Руслан майыптардын коляскасында бий даярдап, Лидия ырдайт.

Аким балдарга ийгилик каалады, эл аралык фестивалга жолдомо алгандыгы үчүн сертификаттарды тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы чын жүрөктөн бишкектик жаштарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана чоң  жеңиштерди каалайт!