Бүгүн соцтармактарда шаар тургундары 9-май Жеңиш күнүнө  карата илиген баннерлердин бирине терс  ой-пикирлерин жазышты.

Баннерлердин жалпы концепциясы өсүп келе жаткан муундарга ата-бабалардын Жеңиш үчүн, мекендин көз карандысыздыгы жана тынчтык үчүн күрөшүп,  кан майданда басып өткөн оор жана трагедиялуу жолун жеткирүү болгон. Кантсе да, бул улуу эрдикти, Мекенди коргогон жоокерлердин башынан өткөргөн кыйынчылыктарын эскерип, аны жогорку патриоттуулуктун жана кайраттуулуктун тарыхы катары урматтоо биздин милдетибиз. Биз тарыхыбызды эстейбиз жана сыймыктанабыз!