Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев "Кут"конушунун тургундары менен жолукту.

Жолугушууда турак-жай коммуналдык чарба маселелери, көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдордун курулушу, жер тиркелерин мыйзамдаштыруу жана ичүүчү суу менен камсыздоо талкуланды. Ошондой эле жолугушууда “Кут” конушун Биринчи май районунун административдик аймагынан Ленин районго өткөрүү маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев ар бир кайрылуу карала тургандыгын жана айрым маселелер боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, "Кут" конушунун аймагын өткөрүп берүү маселеси Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда каралат.

Урматтуу шаардыктар! Кайрылуу жана арыздарды мэриянын колл-борбору 1840, 1850 кыска номерлери аркылуу кабыл алат.

Ал эми фото жана видео фактыларды (0554) 182 185  WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр.