Шаар өз ишин улантууда. Ар кыл ачык түстөгү гүлзарлар борбор калаабыздын аллея, бульвар, көчөлөрүнүн көркүн ача баштады.

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузуп башташты.

485 840 даана гүл көчөттөрү борборубуздун гүлзарларына 10-майга чейин отургузулду. Алардын арасында: агератум, алиссум, бегония, георгиндер, катарантус, колеус, львиный зев, петуния, сальвия жана анын ак, жашыл, кызыл, кызгылт көк түрлөрү, тагетис, цинерария, циния.

Ушул жылы борбор шаарыбызга 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр сулуулук тартуулап турмакчы.

Гүлзарлардын эскиздери “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын ландшафтык дизайнерлери тарабынан иштелип чыгат.

Жайы бою кооз түркүн түстөгү гүлдөрдүн ачылышы менен көздөрдүн жоосун алып бир сезондо бүт вегетация циклин өтүү бир жылдык гүлдөрдүн негизги артыкчылыгы болуп саналат.

Бишкек шаарынын гүлзарларын көркүнө келтирүү иштери улантылып жатат.