Шаар ишин улантууда. Борбор калаанын мэриясы 2021-жылга карата титулдук тизмеге ылайык мектептер менен бала бакчаларды иретке келтирүүдө.

Капиталдык курулуш башкармалыгы Билим берүү башкармалыгынын талабы менен билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерине тендер жарыялайт.

№53 мектепте жылуулук системасы, №51 мектепте ички жылуулук тутуму жана санитардык түйүн бөлмөсү, №38 билим берүү мекемесинде санитардык түйүн бөлмөлөрү оңдолуп, инженердик тармактар алмаштырылат. №47, №57 мектептеринде ашкана блокторун оңдоо, №17 мектебинин чатырын калыбына келтирүү, №93 мектебинде санитардык түйүн бөлмөлөрүн оңдоо жана электр жумуштарын жүргүзүү, №73 мектебинде жылуулук трассаларын жана санитардык түйүндөрүн оңдоо каралган. №26 мектебинин канализация тутуму жана чатыры оңдолот.

№15 бала бакчанын жылуулук трассасы жана ысык суу түтүктөрү оңдолуп, №126 бала бакчанын терезелери алмаштырылып, №181 бала бакчанын ички жылуулук тутуму оңдолот.

Капиталдык оңдоп-түзөөгө каражат шаардын бюджетинде каралган.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Тендерлер боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg