«Бишкексууканал» башкармалыгынын  кызматкерлери ар кандай аба-ырайынын шартына карабастан, эс алуу жана майрамдар күндөру да күнү-түнү иштейт. Биздин негизги милдет - шаардыктардын үйүн таза ичүүчү суу менен камсыздоо.

Адистер шаардыктардын суроо-талабына, ММК жана социалдык тармактардан келген билдирүүлөргө  ыкчам таасир берет, ошондуктан борбордун суу менен жабдуусу жана сууну бөлүштүрүүсү үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Бүгүн Садыгалиев көчөсү, 7 дарегиндеги канализациянын  тыгындыларын тазаладык. Ошондой эле, Кара-Жыгач конушундагы Ысык-Көл жана Оберон көчөлөрүнүн кесилишиндеги кудуктун бурама тээгин алмаштыруу, Исакеев көчөсүндө 150мм диаметриндеги бурама тээкти оңдоо жүргүзүлдү. Леваневский көчөсү жана Нагина көчөлөрүнүн кесилишинде 50 мм диаметриндеги кооперативдик линияны алмаштыруу боюнча техникалык жардам көрсөтүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен жабдууга байланышкан ар кандай суроолор боюнча 1533 кыска номуруна чалгыла. 1533- бул шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле борбордук мээриянын 1840 жана 1850 колл-борбору күнү - түнү иштейт, ал эми көйгөйлөрдүн фото жана видеофактыларын 0554 182-182 WhatsApp номуруна жибериңиздер.