Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда.

Рейддин жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 70-беренесине ылайык (3 миңден 13 миң сомго чейин) айып пулдарды салышты.

Санитардык нормаларын жана көрктөндүрүү эрежелерин бузушкандар: "СК Нурзаман" (Токомбаев көч. 23/4), "РСК Банк" (Ч.Айтматов пр. 71), "Кыргыз Дан" ачык акционердик коому (К. Акиев көч. 1б), " Демир Банк "(Манас проспектиси 12), “Кей Джи Групп” курулуш компаниясы (Токомбаев көчөсү 27/3), Ш. Сыдыков атындагы спорт колледжи (Көлбаев көчөсү, 33).

Ошондой эле, Эркиндик бульварында кофе саткан фуранын ээси Нурсланов А., Эркиндик бульварында балмуздак саткан фуранын ээси Куликов Р., "Ирина" кафеси (Көлбаев көч. 14/2) санитардык талаптарды аткарган эмес. №12 кичи районундагы жеке участоктун ээсине жана экинчи даражадагы чийки затты алуу пункттун ээсине (Чуйков көч. 17) айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар! Кеңселериңиздин жана үйлөрүңүздүн жанында тазалыкты жана тартипти сактоону суранабыз. Санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуунун бардык фактылары боюнча, Санитардык-экологиялык инспекцияга кайрылыңыздар: 0705564756.