Вице-мэр имараттын техникалык абалы менен таанышты. 2021-жылы мекеменин ишин камсыз кылуу үчүн шаардык бюджеттен 19,9 миллион сом, анын ичинде имараттын фасадын капиталдык оңдоп-түзөөгө жана жашылдандырууга 10,0 миллион сом бөлүнгөн. Учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, 2021-жылдын 18-мартынан баштап шаардык "Ардагер" геронтологиялык борбору карантинге жабылган жана улгайган шаар тургундарын кабыл албайт. Борбордо  коноктор жок, бирок администрация график боюнча ишин улантууда.

Дезинфекциялык тазалоо системалуу түрдө жүргүзүлүп, карантин бүткөндөн кийин имарат шаар тургундарын кабыл алууга даяр болушу үчүн косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, "Ардагер" бул борбордун улгайган тургундарына арналган, реабилитациялык типтеги медициналык-социалдык мекеме. Негизги багыты - сергек жашоо мүнөзүн сактоо, сарамжалдуу тамактанууну уюштуруу, дарылоо, эс алуу жана чыгармачыл потенциалды өнүктүрүү. Борбор 80 адамга ылайыкташтырылган, бул жерде жыл сайын 960ка жакын чоң ата, чоң эне эс алышат.

"Ардагер" геронтологиялык борбору 1994-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен ачылып, шаардык бюджеттин колдоосу менен ишке ашкан.

Борбор жөнүндө толук маалыматты директор Майтиков Турмандан алсаңыздар болот: 37-61-03, 46-58-74, 0509 312-312.