"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын адистери күндүзгү убакта турак-жайларын сугарган шаардыктарды жана карызы бар жарандарды аныктоо боюнча рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. Аны менен катар карызды төлөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Адистер шаардыктарга ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө жана дебитордук карызы бар абоненттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ишкананын кызматкерлери “Ак-Босого” жаңы конушунда текшерүү жүргүзүштү. Жеке сектордун жашоочуларынын арасында түнкү сугат үчүн акчасын өз убагында төлөбөгөндөр жана жашыл аянттарды сугаруу эрежелерин этибарга албаган же жөн гана бузган адамдар бар. Мыйзам бузуулар табылган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар колдонулат. Мындай учурларда эсептөөлөр жана төлөмдөр Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализация тутумдарын пайдалануунун эрежелерине ылайык, суу ылдамдыгы секундасына 1 метр болгон суу түтүгүнүн кесилиши менен аныкталат, ал 5616 сомдон эсептелет.

Калктын керектелген сууга болгон карызы курч көйгөй. Ал эми аны жоюу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бишкексууканал ишканасы сот аткаруучулардын жардамына кайрылаардан мурун ар дайым шаардыктар менен жолугушат, адистер жашоочулар менен байланышып, суунун карызын өз убагында төлөп берүү зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жеткиришет. Эгерде мындай чаралар натыйжага алып келбесе, анда сот органдарына кайрылууга туура келет.

Урматтуу шаардыктар! Ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууну жана төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү суранабыз!