Бишкек шаарында коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышын текшерүү үчүн мобилдик топтор күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Топтордун курамына шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобустар паркынын адистери, Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызматы, борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциянын адистери кирет.

Санитардык текшерүүлөр жана айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери эл көп топтолгон аялдамаларда жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери февраль айынан ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 49 миң суммасына 150-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 49 протокол түзүшкөн. Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызматы шаардык ички иштер башкармалыгы жана Бишкек шаарынын транспорттук инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 134, 127, 123-беренелеринин 1.1-бөлүгүнө ылайык, 222.500 сом суммасында 121 административдик протокол түзүлгөн. Пандемиянын шарттарын биринчи ирээт бузгандарга эскертүү берилет, бузуулар кайталанса гана Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт.

Урматтуу жүргүнчүлөр! Коомдук транспортто бара жатканда бет кап режимин сактап, антисептик каражаттарын колдонууну суранабыз. Өзүңүзгө кам көрүп, ден-соолукта болуңуздар!