Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы "Ардагер" шаардык геронтологиялык борборунун имаратынын фасадын жакшыртуу жана оңдоо боюнча тендер жарыялады.

Оңдоонун жалпы суммасы 10,0 млн сомду түзөт. Акча шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Торуг жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg

Эске салсак, "Ардагер" - бул борбор калаанын улгайган тургундарына арналган реабилитациялык типтеги медициналык-социалдык мекеме. Негизги багыты - сергек жашоо мүнөзүн сактоо, сарамжалдуу тамактанууну уюштуруу, дарылоо, эс алуу жана чыгармачыл потенциалды өнүктүрүү. Борбор 80 адамга ылайыкташтырылган, бул жерде жыл сайын 960ка жакын чоң ата, чоң эне эс алышат. Учурда мекеме карантинге байланыштуу жабык.