Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын адистери бобор калаадагы мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөштү улантышууда.

Бул жолу №5- кичи районундагы, №63- үйдүн жанында жана Карасаев көчөсүнүн боюндагы бастырмалар алынды. Тунгуч кичи районундагы, №36 / 2 үйдүн жанынан, уруксат берилбеген контейнер алынып салынды.

Жашоочулардын суранычы боюнча, Лев Толстой көчөсүнүн жээгиндеги 61-үйдүн жанынан жеңил салмактагы эки объект демонтаждалды.

"Мурас-Ордо" жаңы конушунда жолдун курулушуна тоскоолдук жаратакан мыйзамсыз курулган фундамент жана тосмо алынды.

Түгөлбай Ата жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде кеңсенин мыйзамсыз кеңейтилген  бир бөлүгү өз ыктыяры менен бузулду.

“Ак-Өргө” жаңы конушундагы  Ашар көчөсүндө уруксаты жок темир тосмо алынды.

Уруксаты жок күркөлөр төмөнкү даректерде да алынды: Стадион жана Орто көчөлөрүнүн кесилишинде, Малдыбаев көчөсүнүн боюнда, Бар-Булак-Тагай-Бий көчөлөрүнүн кесилишинде, Гапар Айтиев көчөсүндө, Матросов көчөсүнүн боюнда, Жибек-Жолу проспектиси жана Осмонкул көчөсү боюнда.

Жолду реконструкциялоонун алкагында Жекеев-Пудовкин көчөсүнүн боюна 5 кирүүчү топ алынды. Жеңил конструкциядагы тосмо ошол даректен алынып салынды.

Урматуу шаардыктар! Эгерде сиз мыйзамсыз орнотулган объектинин күбөсү болуп калсаңыздар, анда 0707 48 61 62 телефону аркылуу фото жана видео фактыларды жөнөтүңүздөр.