Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаа башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов менен вице-мэр Русланбек Акылбековдун "Узавтосаноат" акционердик коомунун инвестиция жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жахонгир Тиллаев жана Самарканддагы автомобиль заводунун башкы директору Улмас Юлдашев менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө меймандар газ менен иштеген, япониялык ISUZU маркасынын өзбек өндүрүштөгү экологиялык таза автобустардын биринчи партиясы Бишкек шаарына 2021-жылдын 1-июлуна чейин келерин билдиришти. Ошондой эле, борбор калаага автобустарды тейлөө борборун курууну пландап жаткандыктарын белгилешти.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов келген конокторго ыраазычылык билдирип, борбор калаа үчүн экологиялык таза коомдук транспорт менен камсыздоонун маанисин белгиледи.