Борбор калаанын муниципалитетинде 2021-жылдын 11-июлунда боло турган Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоого даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Штабга Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов, борбор калаанын вице-мэрлери, район башчылары, Бишкек шаарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жыйынтыгында райондордун башчыларына, аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ишкердиктин субъектилерине Бишкек шаарынын шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына, Бишкек шаарынын кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоосун уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен төлөмдөрдү же жөлөк пулдарды  толугу менен же жарым-жартылай алган адамдарга шайлоо процесстерине катышууга жана кийлигишүүгө жол берилбестиги жөнүндө эскертүү берилди.

Ошондой эле, райондордун акимдерине биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын арасында биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жана шайлоочулардын тизмесинде өздөрүн тактоо зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүсү боюнча тапшырма берилди.

Акимдерге, аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларына жана чарбалык субъектилерге Бишкек шаарынын кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертүү берилди.

Шайлоо административдик ресурстарды колдонбостон, ошондой эле жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоо менен ачык-айкын өткөрүлүшү керек.