Свердлов районунун аймагында коронавирус оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу киргизилген убактылуу чектөө чараларын сактоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейдге Свердлов районунун акимиатынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө көңүл ачуу мекемелеринин ээлери жана кызматкерлери менен (түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу түйүндөрү, кафелер, караоке, барлар) саат 23:00дөн 07:00гө чейин иштөө убактысынын чектелишин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, тамак-аш жеткирүү жана тамак-аш сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн режими шаардагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин өзгөрүүсүз калат.

Жалпысынан 18 ишкердик субъекттери текшерүүдөн өткөрүлүп, санитардык ченемдердин бузулгандыгы аныкталган жок, бардык ишкердиктин субъекттери иш убактысына чектөө киргизишкен.

Биргелешкен рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп турат.