Борбор калаанын муниципалитеттинде Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов менен Казакстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаевдин жолугушуусу болуп өттү.

Иш сапардын жүрүшүндө тараптар эки республиканын шаарларынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле Нур-Султан шаарына Манастын эстеликтерин жана Бишкек шаарына Абай Кунанбаевдин эстелигин орнотуу маселеси талкууланды.