"Гам-Ковид-Вак"(Спутник V) вакцинасынын эмдөөсү төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
- Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 32 55 71, 0550 701 002;
- Октябрь районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 57 09 15, 0703 293 793;
- Ленин району Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №2- Үй-бүлөлүк медицина борбору  - 0553 116 364;
- Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №7- Үй-бүлөлүк медицина борбору  - 0550 151 528;
- Свердлов районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №8- Үй-бүлөлүк медицина борбору - 63 51 22, 0505 286 670.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын аймагында эмдөө бөлмөлөрү ишин улантууда, анда “Sinopfharm” жана “Спутник V” вакциналары менен экинчи ирээт эмдөө жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, “Спутник V” эмдөөсү 60 жаштан жогору адамдарга, ошондой эле дарылоочу дарыгердин жолдомосу менен өнөкөт оорулары бар адамдарга көрсөтүлгөн.

Эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан координацияланат.

Бардык суроолор боюнча Эмдөөнүн ишеним телефонуна: 313297 кайрылыңыздар, ошондой эле Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмү: 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номурлары аркылуу байланышта.