Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов район тургундары менен жеке кабыл алуу өткөрдү.

Алдын ала жазылуу боюнча, 6 тургун катышты,кайрылуулар көбүнчө  материалдык жардам көрсөтүү, көрктөндүрүү, ошондой эле жер жана турак жай маселелерине байланыштуу болду.

Жетекчи тийиштүү кызматтарга тургундардын бардык маселелерин тез арада Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде кароону тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздер саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чүй проспектиси №315 дареги боюнча (Ленин Акимиатынын биринчи кабаты, фойенин сол тарабы менен)бирдиктүү терезеге кайрылып, район акими менен жеке жолугушууга жазылып, үйлөрүңүздүн, көчөлөрүңүздүн жана кварталдарыңыздын көйгөйлөрү боюнча арыздарды калтырсаңыз болот. Тел: 65-69-05, adm-leninski@meria.kg