Урматтуу шаардыктар! 2021-жылы 11-июлда Бишкек шаарында Бишкек шаардык  кеңешине кайрадан шайлоо болот. Добуш берүү үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруу абзел.

"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүшү керек.

17-июндан 21-июнга чейин борбордун төрт районунда тең мобилдик калкты тейлөө борборлору иштейт. Ошондой эле, “Азия Молл” соода жана көңүл ачуу борборунда жана Чүй проспектиси 41б (ЖЭБдин маңдайында) жайгашкан “Глобус” гипермаркетинде маалыматтарды чогултуу үчүн эки кичи пункт ачылды. Алар саат 10:00дөн 19:00гө чейин (шейшемби-жекшемби күндөрү) иштешет.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу уланууда, эгер сиз 16 жаштан өтсөңүз же биометрикалык каттоодон өтө элек болсоңуз, анда биз сизди күтөбүз!

Маанилүү! Паспортуңузду унутпаңыздар.

Урматтуу шаардыктар! Биометрикалык маалыматтарын тапшырууну каалагандар, мобилдик топтордун чыгуу графиги жана кабыл алуу даректери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып алыңыздар:

Урматтуу шаардыктар! Ар бир шайлоочу өзүн www.tizme.gov.kg  веб-сайтындагы тизмелерден текшере алат.