Иш сапардын жүрүшүндө Быктыбек Кудайбергенов сүт азыктарын өндүрүүнүн бардык этаптарын - кабыл алуу бөлүмүн, сүттүн сапатына карата күндөлүк анализ жүргүзүүчү лабораторияны, өндүрүш жайларын, сүттү кабыл алуу пункттары менен таанышты.

Шаар башчысы бул уюмду жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.

Маалымдама: Шаардык балдардын сүт ашканасы - бул Кыргыз Республикасында балдар үчүн сүт азыктарын чыгарган, 1986-жылдан бери иштеп келе жаткан жалгыз адистештирилген мекеме.

Иш-чаранын максаты - эки жашка чейинки балдар үчүн балдардын сүт азыктарынын толук стерилдүүлүгүн камсыз кылуу жана кош бойлуу аялдарга жана ичеги-карын оорулары менен ооруган адамдарга биолакт менен камсыздоо.

2021-жылдын 5 айында шаардын социалдык өнүгүү органдарынын каттоосунда турган ҮМБнын педиатрдын сертификатынын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 106 баласына тамак-аш бекер берилди. Бир айда бир балага эсептелген тамак-аштын орточо наркы 1464 сомду түзөт, жергиликтүү бюджетте жылына 5,1 миллион сом каралат.