"Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалыматы боюнча, ушул жылдын 28-июнунан 9-июлуна чейин баш калаанын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

1976-жылы пайдаланууга берилген жер үстүндөгү орто басымдагы газ түтүгүндөгү эски жабдууларды оңдоп-түзөөгө жана алмаштырууга байланыштуу жаратылыш газы өчүрүлөт.

Өчүрүү аянты төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Садырбаев, Л.Толстой, Ала-Арча дарыясы, Миңжылкыев, Тыналиев, Масалиев, "Жал-23", "Ротор" отканасы.

Буга байланыштуу  "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жылуулук энергиясын ысык суу түрүндө төмөнкү даректерге жеткирүүнү токтотууга аргасыз болот:

- "Жал" кичи району;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
- №5- мончо жана кир жуучу комплекс;
- №20- кесиптик лицейи;
- №99- кесиптик лицей;
- №91- кесиптик лицейи.

Борбор калаанын мэриясы жана "Газпром Кыргызстан" компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурашат жана учурда абоненттерден тамак бышыруунун альтернативдүү булактарына өтүүнү өтүнүшөт.