Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте мыйзамсыз объектилерди алууну улантууда.

Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен "Жол тармагын өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында (2-фаза) Манас көчөсү №197в дарегинде тосмо, темир дарбаза жана убактылуу үй алынды.

Ошондой эле ал жерде №197б үйүнүн тосмосу алынды.

Жайыл Баатыр көчөсүнүн боюндагы дүкөн демонтаждалып, Алыкулов менен Арабаев көчөлөрүнүн кесилишинен жеңилдетилген типтеги  объект алынып салынды.

Жолон көчөсүндө жайгашкан жеңил типтеги эки объект - башкаруу пункту жана ашкана да демонтаждалды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз мыйзамсыз орнотулган объектинин күбөсү болуп калсаңыз, анда 0707 48 61 62 телефону аркылуу фото жана видео фактыларды жөнөтүңүздөр.